Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. 16-19-июнда Россиянын Свердлов жана Челябинск облустарынын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Ысык-Көлдө пресс-тур өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, пресс-турду Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу КР ТИМдин Экономикалык дипломатия департаменти жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурду.
Пресс-турдун катышуучуларына Ысык-Көлгө иш сапар уюштурулуп, аймактын, анын ичинде Каракол шаарынын тарыхый-маданий эстеликтери, популярдуу туристтик жана башка кооз жерлери көрсөтүлдү. Россиянын ЖМК өкүлдөрү санаториялык-курорттук мекемелерде, эс алуу жайларында жана пансионаттарда болушту. Россиядан келген коноктор Көлдүн түштүк жээгиндеги "Алмалуу" жана "Бел-Там" заманбап боз үй лагерлеринде көчмөндөрдүн маданияты, каада-салттары жана жергиликтүү усталардын кол өнөрчүлүгү менен таанышып, чыгармачыл коллективдердин өнөрүн чоң кызыгуу менен көрүп, улуттук даамдарды татышты.
Ысык-Көл облусунун облустук телекөрсөтүүсү менен Свердлов жана Челябинск облустарынын аймактык телеканалдарынын өз ара кызматташтыгын кеңейтүү максатында маалымат алмашууну жол коюуга макулдашып, туризм жаатын камтыган келишимдерге кол коюшту.
Пресс-турдун катышуучулары Кыргызстандын туристтик-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин белгилешип, Россиянын Урал тургундарын биздин өлкөнүн туристтик потенциалы менен кеңири тааныштыруу үчүн кыргызстандык өнөктөштөр менен биргелешкен маалыматтык иштерди жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.
Ушул жылдын 19-июнунда пресс-турдун катышуучулары Ысык-Көл районунун жетекчилиги, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен биргеликте Екатеринбург – Тамчы багыты боюнча 2023-жылдын биринчи авиарейсинин учуп келишине карата салтанаттуу жыйынга катышышты. Ушул эле самолёт менен коноктор Уралдын борборуна учуп кетишти.
Пресс-тур "Урал" авиакомпаниясынын, ошондой эле КР Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосу менен өтүп, Ысык-Көл облусуна Свердлов жана Челябинск облустарынын туристтик компаниялары үчүн буга чейин уюштурулган эки маалыматтык турду толуктады.
Пикир
Оставить комментарий