Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Россия кызматташтыгы (Россотрудничество) 2025/2026-окуу жылында Россиянын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн документтерди кабыл алууну улантууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы окуу жылында Кыргызстанга Россия өкмөтүнүн 700 квотасы бөлүнгөн, алар Россиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик, башкача айтканда, студент үчүн акысыз орундарда билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Алардын ичинен 20 орун Россиянын Маданият министрлигинин ЖОЖдорунда жана 16 орун Спорт министрлигинин ЖОЖдорунда.
Кеп мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшыра ала турган бакалавриат жана адистик программалары, ошондой эле ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн магистратура, аспирантура, ассистентура-стажировка жана квалификацияны жогорулатуу жөнүндө болуп жатат.
Белгиленгендей, Кыргызстандын аймагынан чыкпай эле Россиянын ЖОЖуна тапшыруу мүмкүнчүлүгү квота менен кабыл алуунун эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат.
Документтерди тапшыруу жана кирүү сынактары https://education-in-russia.com сайтында онлайн режиминде жүргүзүлүүдө.
Абитуриентти кызыктырган адистик боюнча бир эле учурда алты ЖОЖго тапшыруу үчүн арыз берүүгө болот.
Арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 15-январына чейин жүргүзүлөт. Жайды күтүүнүн кажети жок, документтерди азыртадан даярдап, тапшыруу керек! Азыр мектепте 11-класста же колледж/окуу жайдын, бакалавриат/адистик, магистратуранын бүтүрүүчү курсунда окуп жаткандар үчүн азыр арыз бергенде алардан аттестат же диплом талап кылынбайт (анткени бул документтер жайында гана болот).
Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандар 2025-жылдын 15-январына чейин https://education-in-russia.com. сайтында катталып, даярдоо багытын жана адистикти тандап, керектүү документтерди жүктөшү кажет. Бул сайттан билим берүү мекемелери, билим берүү программалары жана шаарлар жөнүндө кеңири маалымат тапса болот.
Кыргызстандын тургундарынын Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруусу тууралуу кошумча маалыматты Бишкектеги Русский дом билим берүү бөлүмүнүн сайтынан https://uchebarf.kg жана Россия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн социалдык тармактарынан https://taplink.cc/rushouse_bishkek тапса болот.
Ал эми, Россия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Бишкектеги Русский дом билим берүү бөлүмүндө (Эркиндик бульвары, 2/1) ар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16:00дө консультациялар берилүүдө. Оффлайн-консультацияларга кирүү акысыз, каттоо талап кылынбайт.
Онлайн-байланышка шилтеме: https://my.mts-link.ru/j/82442073/634567707 .
Бардык суроолор боюнча +996 (312) 30-05-43 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.
Пикир
Оставить комментарий