• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Россиянын маданият министри Кыргызстандын маданият күндөрү тууралуу: Бул келечекке түрткү берген жумалык

Маданият 0

Москва, 21.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүнүн алкагында Россиянын Мамлекеттик академиялык Чоң театрында өтүп жаткан гала-концертте РФ маданият министри Ольга Любимова бул жумалык келечекке стимул экенин белгиледи.

Анын айтымында, чоң гала-концертке бир жылдай даярдык көрүлдү. Бүгүн тартууланган спектаклдер Кыргызстандын Маданият министрлигинен жана ар кайсы театрлардан тандалып алынып, кыргыз маданиятындагы эң мыкты, эң маанилүү жана баалуу нерселерди көрсөтүү үчүн коюлган. Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү параллелдүү башталды. Маданият күндөрү кино менен башталып, көп сандаган премьералар жана иш-чаралар өткөрүлдү.

"Кыргыз киносунун күндөрүн ар кандай кинофестивалдарда бир катар сонун, сенсациялуу тасмалар менен ачтык. Ошол эле учурда Москва менен Санкт-Петербургдун ар кайсы жайларында бир нече көргөзмөлөр, китепканаларда Кыргызстан менен Россиянын маданият ишмерлеринин жолугушуулары өтүүдө. Ошондой эле ар кандай турларды пландаштырып жатабыз. Бул жума келечек үчүн стимул болуп саналат. Мына ушул окуялардан кийин Щепкинский атындагы мектепте Кыргызстандан келип, билим алып жаткан окуучуларды көрүүнү пландап жатабыз. Алар бүтүрүүчүлөрүнүн спектаклин тартуулашат жана келечекте аларды түрдүү тасмалардан жана ушундай масштабдуу маданий иш-чараларда конок катары көрөбүз деп ишенебиз", - деп баса белгиледи Ольга Любимова.

Пикир

Оставить комментарий