2025-жылдын 1-январынан тарта Россияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирди. Буга чейин аталган өлкөдө миграциялык саясатты тескөө үчүн бир катар мыйзам кабыл алынган. Учурда Россиянын аймагында жүргөн мигранттар эмнени эске алышы керек?
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов бул маселелерге кененирээк токтолду.
Анын айтымында, Россияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилген. Алар 30-апрелге чейин өлкөдөн өз алдынча чыгып кетиши же укуктук абалын жөнгө салышы керек.
“Россия президенти Владимир Путин өткөн жылдын 30-декабрында өлкөдө чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1-январдан тартып, чет өлкөлүк жарандардын Россияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул Россияда тиешелүү уруксат документтери – убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат", - дейт ал.
Бейшенов белгилегендей, 5-февралда Россияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирери жазылган. Ал мыйзамга ылайык, Россиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Россиядан депортациялоого укуктуу болот. Аталган күчүнө кирген мыйзамдар бир гана кыргыз мигранттарга тиешелүү эмес. Бул Россия Федерациясында мыйзамсыз жүргөн ар бир мигрантка тиешелүү. Бирок, учурда Россия тарап мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өлкөдөн өз алдынча чыгып кетүүсүнө же болбосо укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтүн узартып берди.
"Аны эске алуу менен, 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин мыйзамдарды бузуу менен Россия Федерациясынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө же өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салууга милдеттүү. Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары өздөрүн мыйзамсыз жүргөн жана контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиштүү болгон жарандардын тизмесинен migrant.kg сайтынан “Кара тизмелер” бөлүмүндө “Алдын ала тизме” бөлүмчөсүндө текшерүүсү керек. Бул тизмеде мыйзамсыз жүргөн жарандардын аты-жөнү бар. Тизмеде Кыргыз Республикасынын 71 миң 949 жараны бар. Бул категорияга эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзүү, дактилоскопиялык каттоодон, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү же миграциялык каттоого туруу жөнүндө маалыматы жок адамдар кирет”, - деди ал.
Ошондой эле ал тизмеге кирген жана жашаган жерин мыйзамдаштыргысы келген жарандар дароо укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүшү керек экенин эскертти.
Ал үчүн төмөндөгүлөрдү эске алуу зарыл:
- Чет өлкөлүк жарандарды биометрикалык идентификациялоодон өтүү, эгерде мурда өтпөсө;
- Медициналык текшерүүдөн өтүү, эгерде мурда өтпөсө же сертификаттын жарактуулук мөөнөтү өтүп кетсе;
- Милдеттүү төлөмдөр боюнча болгон карыздарды төлөө.
“Россияда эмгек ишмердигин мыйзамсыз жүргүзгөн, жарандар укуктук статусун мыйзамдаштыруу үчүн 2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейинки аралыгында тиешелүү арыз менен Россиянын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылса, аларга карата "кара тизмеге" киргизүү жана Россиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө чечимдери кабыл алынбайт”, - деди ал.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий маалыматына ылайык, ушу тапта Кыргызстандын 650 миң жараны миграцияда жүрөт. Ал эми Россияда учурда 376 миң кыргыз жараны иштеп жатат.
Бирок соңку кездери кыргызстандык мигранттар Россиядан башка өлкөлөргө бет алып жатканы байкалууда. Акыркы төрт жылдын статистикасына саресеп салып көрөлү:
Статистикада көрсөтүлгөндөй, Россияда жүргөн кыргыз мигранттардын саны жыл сайын кескин түрдө азайып баратканын байкоого болот.
Майрамбек Бейшенов белгилегендей, ага бир нече факторлор себеп болууда.
“Буга албетте, бир нече факторлор таасирин тийгизип жатат. Биринчиден Россия Федерациясынын миграциялык саясатын катаалдаштыруусу, бүгүнкү күндө эмгек акынын төмөн деңгээли. Экинчиден Кыргызстанда жумуш орундарынын пайда болушу. Ошондой эле мамлекеттин мигранттарды Европага, Канадага, АКШга, Кореяга, Түркия сыяктуу өнүккөн жана айлык акысы жогору мамлекеттерге багыттоосу”, - деди ал.
Материалды даярдаган Акназик Тургунбаева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий