• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда эми Соцфонддун кызматтарын пайдалануу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана КР президентинин “Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Социалдык фонд жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын пилоттук долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун базасында мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча кызмат көрсөтүү иштери башталды.

Бишкек шаарындагы Биринчи май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондук Калкты тейлөө борборлору пенсияны дайындоо же кайра эсептөө жөнүндө арыздарды кабыл алуу, пенсияны төлөө мөөнөтүн узартуу, пенсияларды төлөө каналын өзгөртүү, сөөк коюуга жөлөкпул алуу, ошондой эле пенсионерлерге пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат жана камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинен (ӨКЭ) көчүрмөсүн берүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий