Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Алдыдагы 2023-2024-окуу жылында Россиянын жогорку окуу жайларында федералдык бюджеттин эсебинен окуу үчүн документтерди кабыл алуу 20-мартка чейин узартылды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, документтер расмий сайт аркылуу гана кабыл алынат.
Консультациялардын жүгүртмөсү, көргөзмөлөр жөнүндө маалымат жана Россиянын ЖОЖдору өткөргөн олимпиадалар жөнүндө кулактандыруулар өкүлчүлүктүн социалдык тармактарында жайгаштырылган.
Пикир
Оставить комментарий