• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу "Эр Төштүк" эпосунун энциклопедиясы басылып чыкты

Маданият 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу "Эр Төштүк" эпосунун энциклопедиясы басылып чыкты. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кенже эпосторду изилдеп, жайылтуу максатында жарык көрүп жаткан "Эр төштүк" энциклопедиясынын бет ачары 28-февралда өтөт. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун, ЖК депутаттарынын, Улуттук илимдер академиясынын профессор-илимпоздорунун жана маданият тармагынан өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Эпостун контексти аркылуу кыргыз элинин дүйнѳ таанымы, тарыхы, дүйнѳгѳ кѳз карашы, психологиясы, жашоо образы иликтѳѳгѳ алынып, изилденген бул жыйнак кенже эпостордун кыргыз фольклор таануу илиминин тарыхындагы алгачкы көлөмдүү басылма.

"Эр Төштүк" энциклопедиясынын долбоордук автору филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев.

Пикир

Оставить комментарий