• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Каракол – Эңилчек жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда саат 07:30да Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

“Учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Көчкүнүн узундугу 150 метр, бийиктиги 4 метрди түзөт. Жол убактылуу жабык”, - деп айтылат маалыматта.

Жеринде №11 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий