• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Өрт коопсуздугун сактабаган "Аалам Строй" компаниясынын лицензиясы токтотулду

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Бишкекте өрт коопсуздугун сактабаган "Аалам Строй" курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынып, лицензиясы 90 күнгө токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 12-августта Бишкектеги Анкара 3а дарегиндеги "Аалам Строй" ЖЧКсынын курулуш объектисинде өрт чыккан.

Мамкурулуштун Бишкек шаары боюнча архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы өрт чыккан жерге кароо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында курулуш компаниясына жазма буйрук берилип, КР Укук бузуулар кодексине ылайык, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

ОШондой эле лицензия берүү жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды кароо боюнча комиссиянын жыйынында аталган компаниянын лицензиясын токтото туруу маселеси каралды.

КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрында токтому менен бекитилген №678 иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 21-беренесиснин 4-пунктуна ылайык, лицензиат тарабынан адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптар бузулгандыгына байланыштуу комиссиянын чечими менен "Аалам Строй" ЖЧКсынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий