• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жылуу күндөр көп болуп, жарык дайыма жанып турсун! Энергетика министринин куттуктоосу

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

«Урматтуу энергетиктер жана ардактуу тармактын ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүсүз камсыз кылуу, кубаттуулукту көбөйтүү жана энергиянын кошумча булактарынын потенциалын колдонуу боюнча жумуштар жигердүү башталды жана алардын арасында ийгиликтүү аяктагандары да бар. Урматтуу кесиптештер энергетика тармагындагы иштердин илгерилешине сиздердин салмыңыздар чоң.

Энергетика тармагы өлкө экономикасынын өзөгүн түзөт. Ошондуктан бул стратегиялык тармактын өнүгүшүнө өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда. Алдыда көптөгөн стратегиялык пландар бар. Ал ийгиликтерди сиздер менен биргеликте багындырабыз деген үмүттөмүн.

2023-жыл энергетиктер үчүн жаман болгон жок. Себеби, көптөн бери ишке ашпай жаткан пландар алдыга жылып, реформалар жүргүзүлүп, атайын техника, трансформатор, көмөк чордондор, генераторлор, акылдуу эсептегичтер менен камсыздалдык. Канчалаган мамычалар орнотулуп, линиялар тартылды. Мындан тышкары, ГЭСтер реконструкцияланып, жаңы Чакан ГЭСтер ишке кирүүдө. Ири долбоорлорго инвесторлор менен кол коюп, ишке ашырууга бел байладык.

Мунун баары энергетиктердин эл үчүн кылган кызматы катары бааланат.

Ардактуу ардагерлер!

Энергетика системасын түптөп жана аны өнүктүрүүгө кошкон зор салымыныздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар, бирок энергетиктердин элине кылган эмгеги зор. Мына ошол ак эмгек жана адал ишиңиздер менен керектөөчүлөргө жарык жана жылуулук тартуулап жатасыздар.

Бардык энергетиктерге бакубат жашоо каалайм, жылуу күндөр көп болуп, жарык дайыма жанып турсун!»

Пикир

Оставить комментарий