• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Өрт кырсыгын алдын алуу үчүн балдарды кароосуз калтырбаңыз – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Өрт кырсыгын алдын алуу үчүн балдарды кароосуз калтырбоо маанилүү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

- ширеңке, көгүлтүр от тутанткычын балдар жетпеген жерге сактаңыз;
- электр буюмдары менен ойноого, өз алдынча күйгүзгөнгө, от жагууга жол бербеңиз;
- өрт чыккан учурда дароо коопсуз жерге чыгуу керектигин түшүндүрүңүз;
- балаңыздын кандай буюмдар менен ойноп жатканына көңүл буруңуз. Кооптуу жерлерге баруусуна жол бербеңиз.
- "112" – бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматына, "101" – өрт өчүрүү кызматына кайрылуу керектигин үйрөтүңүз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь айынан апрель айына чейин балдардын этиятсыздыгынан улам республика боюнча 38 өрт кырсыгы катталган.

Тилсиз жоонун айынан келтирилген материалдык чыгым 3 млн 394 миң 406 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий