• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Йылдырым 1916-жылы Үркүндө каза болгондордун арбагына багыштап куран окуду

Коом 0

Бишкек. 07.12.18 /Кабар/. Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым баштаган делегация "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшту.

Андан тышкары маркумдардын арбагына багышталып куран окулду. Аземге төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары да катышты.

Белгилей кетсек, 6-декабрда Түркия парламентинин спикери Бинали Йылдырым баштаган парламенттик делегация Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген.

Сапардын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары менен эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий