• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Тазалыктын" кызматкерлери жарык чагылдыруучу элементтери бар жаңы формалуу болду

Коом 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кышкы атайын кийимдер менен камсыздалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы форманын жарык чагылдыруучу элементтери бар. Кийим кызматкерлердин талаптарын эске алуу менен атайын тигилген.

Белгилей кетсек, жарыкты чагылдыруучу элементтери бар кийим адамдын жолдо көрүнүүсүн жогорулатат. Кечинде, короолордо жана көчөлөрдө жарык жетишсиз болгондо, рефлектордун болушу өмүрдү сактап калат. Жарыкты чагылдырган кийим – бул коопсуздуктун маанилүү элементи.

Учурда 1000ден ашык комплект даяр. Күзгө чейин бардык кызматкерлерге жаңы форма берилет.

Пикир

Оставить комментарий