• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Румынияда президенттик шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Дүйнө 0

Бишкек, 09.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Россиянын "Риа новости" маалымат агенттиги Digi 24 телеканалына таянуу менен жазды.

"Конституциялык сот президенттик шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул бүтүндөй президенттик шайлоо процесси жаңыдан башталат дегенди билдирет. Өкмөт добуш берүүнүн жаңы күнүн белгилеши керек", - деп билдирет Digi 24 телеканалы.

Белгилей кетсек, мындай чечим шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча көп сандаган кайрылуулардын келип түшкөндүгүнөн кийин кабыл алынганы такталган. Талаптарда өлкөнүн Жогорку Коргоо кеңеши жашыруундугун алып салган документтер келтирилген, ага ылайык шайлоо өнөктүгү мыйзам бузуулар менен өткөн.

Эске сала кетсек, Румынияда шайлоо 24-ноябрда өттү. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча TikTok аркылуу үгүт иштерин уюштурган көз карандысыз талапкер Калин Жоржеску 22,94 пайыз добуш менен биринчи орунга чыкты. НАТО жана АКШ менен өнөктөштүктү колдогон Елена Ласкони 19,18 пайыз добушка ээ болду. Шайлоонун экинчи айлампасы 8-декабрда өтүшү керек болчу.

Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгын бекиткенден соң, республиканын башчысы Клаус Иоганнис чалгын кызматтарынын жана Ички иштер министрлигинин шайлоо өнөктүгү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу маалыматын ачыкка чыгарды.

Коомчулуктун басымы астында Конституциялык румыниялык жарандар чет элдик сурамжылоолордо экинчи турда президентти шайлай баштаганына карабастан, келип түшкөн жаңы арыздарды талдоо чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий