• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Руслан Бердибаев акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.07.24./Кабар/. Руслан Бердибаев Кыргызстандын акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бердибаевди жамаат менен тааныштырды. Акыйкатчы ар бир кызматкер Конституцияга ылайык адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо Кыргызстандын эң жогорку баалуулугу экенин так түшүнүшү керектигин белгиледи.

"Акыйкатчы институту кадрларды тандоодо мамлекеттик кызматтын системасын ичинен жакшы билген кызматкерлерди тартуу тажрыйбасын колдонот. Бул практика оң натыйжаларды берет", - деп белгиледи акыйкатчы.

Бердибаев 1970-жылы 23-майда төрөлгөн, үч баланын атасы. Жогорку билимдүү.

1990-1996 - жылдары У.Асаналие атындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун тоо-кен инженери-электромеханик адистигин бүтүргөн.

1997-2000 — жылдары Ички иштер министрлигинин Академиясы, адистиги юрист.

Тажрыйбасы: 1994-жылдан 2024-жылга чейин укук коргоо органдарында иштеген.

Акыйкатчы институтуна ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалганга чейин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Милициянын полковниги.

Пикир

Оставить комментарий