Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин кеңири талкуулашты.
Элчи Казакбаев Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан Нуман Куртулмушка түрк тарап үчүн ыңгайлуу убакта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакыруусун билдирди.
Тараптар ошондой эле Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2024-жылдын ноябрь айынын башында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагындагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Кыргыз тарап эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын Бишкектеги жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, анын ичинде кол коюлган эки тараптуу документтерди тез арада ратификациялоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Казакбаев Түркия парламентинин төрагасы Куртулмушка мамлекет башчылары кол койгон биргелешкен билдирүү тууралуу да маалымат берди. Бул билдирүүгө ылайык өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелер Жалпы камтуучу стратегиялык мамилелер деңгээлине көтөрүлүп, бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошумча түрткү болот.
Элчи Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмушка президент Садыр Жапаровдун атынан ичи-тышы бүтүндөй салттуу ыкмада жасалгаланган кыргыздын улуттук боз үйүнүн тартуулана тургандыгын тастыктаган сертификатты тапшырды. Бул белек Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгына, ошондой эле Түркиянын былтыр белгиленген 100 жылдыгына карата тапшырылды.
Кыргыз улуттук боз үйү эгемен жана көз карандысыз Түркиянын символу катары Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынына өткөрүлүп берилип, эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин жогорку Ар тараптуу стратегиялык деңгээлин, тараптардын эки элдин маданиятынын, тилинин жана тарыхынын биримдигине негизделген бир туугандык мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтула тургандыгын ырастайт.
Белгиленгендей, президент С.Жапаровдун атынан белекке берилген улуттук боз үй Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Анкара шаарындагы тарыхый имаратынын аймагына орнотулат.
Пикир
Оставить комментарий