• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сүлүктүдө жоголгон эки өспүрүм Бишкектен табылды

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Сүлүктүдө жоголгон эки өспүрүм Бишкектен табылды, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаардык милициясынын кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде 2022-жылдын 16-январында жоголгон 15 жаштагы Жоламан Азимбаев жана Кылычбек Камаловдун жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан 21-январда алып келинди.

Учурда өспүрүм балдар ата-энелерине өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, табылган балдардын саламаттыгы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий