• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Оштун мэри эл аралык уюмдардын жана коомдук фонддордун өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы эл аралык уюмдардын жана коомдук фонддордун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Эки тараптуу жолугушууда мэр Ош шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык Программасынын долбоорунда социалдык тармакты өнүктүрүү жана колдоо багытында мерчемделген иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде эл аралык уюмдардын, коомдук фонддордун өкүлдөрү Ош шаарынын тургундары жана аткаруу бийлиги менен тыгыз кызматташууга кызыктар экенин билдиришти. Ошондой эле өздөрүнүн сунуштарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий