• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Суу ресурстарын башкаруунун гидрогеографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чек аралары бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.02.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруунун гидрогеографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чек аралары бекитилди. Тийиштүү чечим министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 8-беренсине ылайык кабыл алынган.

Башкы бассейндердин чек араларын белгилөө зарылчылыгы Суу кодексинин 5-беренесине ылайык суу ресурстарын башкаруу Ысык Көлгө жана Кыргыз Республикасынын башкы дарыяларына гидрографиялык принцип боюнча кирүүчү башкы бассейндин аймагынын чектеринде ишке ашырылат деп аныкталган.

Бассейндик деңгээлде суу ресурстарын башкаруу калктын, өнөр жайдын, айыл чарбасынын суу ресурстарына керектөөлөрүн канаттандыруу жана глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн суу ресуртарына тийгизген таасирин эске алуу менен суу ресурстарынын бардык түрлөрүн – жер үстүндөгү, жер астындагы жана кайтарым суулардын өз ара байланышын эске алууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, КР аймагында Талас, Чүй, Ысык-Көл-Тарим, Нарын-Сырдарыя жана Карадарыя-Сырдарыя-Амударыя сыяктуу беш негизги бассейн бар.

Пикир

Оставить комментарий