• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын эки тилкесин макулдашты, тийиштүү протоколго кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 15-21-октябрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлган.

Эки өлкөнүн Премьер-министрлери тараптан 2018-жылга бекитилген жолугушуулардын план-графигине ылайык, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий