• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 миң 672 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 миң 672 адамга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралга карата Түркияда жер титирөөдөн 108 миң 68 адам жабыркады.

“Өткөн түнү Элазыг провинциясында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө болду. AFAD билдиргендей, жабыркаган облустарда жер титирөө уланууда. Имараттарга кирүү кооптуу”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий