• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19га байланыштуу хоккей боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионаты токтотулду

Дүйнө 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Эл аралык хоккей федерациясы 26-декабрда Канадада башталган өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатын токтотуу чечимин кабыл алды. Буга мелдеш катышуучуларынын арасында коронавирустун омикрон штаммынын жапырт жайылуусу себеп болду.

28-декабрда коронавирус АКШ курамасында ойногон эки хоккейчиден табылган. Ал күнү команда Швейцариянын курамасына каршы беттешке чыкпай, атаандаштарынын эсебине техникалык жеңиш жазылган.

29-декабрда коронавирус Чехия курамасынын хоккейчисинен табылып, алар да Финляндия командасы менен боло турган оюнга чыккан эмес. Жыйынтыгында финндердин эсебине да техникалык жеңиш жазылган.

30-декабрга караган түнү Россия курамасынын лидери Матвей Мичковдон коронавирустун омикрон штаммы аныкталган. Мындан тышкары, чемпионатты тейлеп жаткан беш калыс COVID-19 жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Акыркы жумаларда коронавирустун омикрон деп аталган жаңы штаммы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө тездик менен жайылууда.

Пикир

Оставить комментарий