• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти 11 айда 52 миңден ашык экспертиза жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти 11 айда 52 миңден ашык экспертиза жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 11 айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы 19610 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:

  • импорттук карантинге алынган продукциядан 9137 даана үлгү;
  • экспорттук карантинге алынган продукциядан 7655 даана үлгү;
  • изилдөө иш-чараларынан 1648 даана үлгү;
  • кайрылуулар боюнча 377 даана үлгү;
  • феромон боюнча 796 даана үлгү.

Жалпы лабораториялар 52058 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 15 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган.

Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 11 айда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 4728 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 4541 даана көчөттөн жана 187 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 15998 экспертиза жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий