• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

СӨП жарандарды шылуундардан коргоо боюнча активдүү чараларды көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы убакта жасалма сурамжылоолорду жүргүзүү жана жеке маалыматтарды чогултуу үчүн министрликтин атын колдонуп телефон чалгандар көбөйдү.

"Санариптик өнүктүрүү министрлиги телефон же мессенджер аркылуу сурамжылоо жүргүзбөйт. Шылуундар көбүнчө мамлекеттик органдардын же байланыш операторлорунун кызматкерлеринин атынан сизди адаштыруу жана купуя маалымат алуу үчүн байланышат.

Министрлик жарандарга карата алдамчылык аракеттердин алдын алуу үчүн байланыш операторлору жана укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барат. Өзүңүздү кантип коргосоңуз болот: телефон же мессенджер аркылуу бейтааныш адамдарга жеке маалыматтарды бербеңиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий