• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

С.Жээнбеков: “Эки окуучуну сүзүп кеткен окуя - өлкөдөгү жол кырсыгы көйгөйүнүн жеткен чеги”

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Акыркы эки окуучуну сүзүп кеткен окуя – өлкөдөгү жол-транспорт кырсыгы көйгөйүнүн жеткен чеги. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков унаа жолдорунун абалын жана мамлекеттик органдардын көптөгөн адам курмандыктарына алып келип жаткан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча имшердигин талкуулоо боюнча жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жолдордогу жол-транспорт кырсыктары эң эле актуалдуу маселе болуп саналат. “Акыркы учурларда жол кырсыктарына жана жолдордогу кырдаалга байланыштуу көп сын-пикирлер айтылууда. Статистикалык маалыматка караганда, биринчи кварталда жол кырсыгынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13%га өскөн. Эки окуучуну сүзүп кеткен окуя – бул көгөйдүн жеткен чеги”,-деди С.Жээнбеков.

Ички иштер министри Улан Исраиловдун маалыматы боюнча, үч айда өлкөдө 1 миң 169 кырсык катталып, анда 1 миң 148 адам каза болуп, 1 миң 886 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий