• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кувейттик меценаттар Бишкекте балдардын онкогематологиялык борборун курууга каражат топтошот

Коом 0

Бишкек, 26прель /Роман Гайнанов – Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кувейттин делегациясынын катышуусунда Бишкекте алгачкы балдардын онкогематологиялык борборун куруу долбоорунун бет ачары болду. Борбор Улуттук онкогематологиялык борборунун алдында кувейттик Ал-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан курулушу күтүлүүдө.

“Жардамдашуу оңой” коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляеванын айтымында, Кувейттик делегациянын курамында белгилүү жана үй-бүлөлүү бай меценаттар болгон. “Алардын арасында футболчу Бедер Хаджи, белгилүү блоггер Сари, миллионер Ахмед Ашайя, ТВ-продюсер Ахмед Аланзи бар. Бул адамдардын жардамы менен балдардын онкогематологиялык борборунун курулушуна каражаттар топтолууда. Бүгүн палаталарга шкафтар, отургучтар жана башка эмерек буюмдар берилди”, - деди ал.

Борбор 100 керебетке эсептелип, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий