• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сабиров: Бишкек ЖЭБде эмне болуп жаткандыгын коомчулук билиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшан Сабиров 2020-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаардык ЖЭБге жумушчу сапар менен барып, кеңешме өткөрдү, анда жетекчиликтин жана эмгек жамаатынын ишканада орун алган көйгөйлөр туурасында маалыматы угулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Энергетикалык тармак ишканаларынын жетекчилери 2020-жылдын 29-октябрында орун алган Бишкек шаарында электр жарыгынын массалык өчүрүлүшүнө жана Бишкек ЖЭБдин жылытуу менен камсыздоосун убактылуу үзгүлтүккө учураткан штаттан тышкаркы абал боюнча маалымат беришти.

«Электр станциялары» ААК башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматы боюнча, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча 5 миң тонна көмүр түшүрүлүүдө, мазут ташууда көйгөй жок, пландык оңдоо жана реконструкциялык иштер жүргүзүлүүдө.

«29-октябрда, саат 13:08де тутумда “мүчүлүштүк” келип чыккан. ЖЭБдеги жабдууну автоматтык коргоо тутуму авариянын келип чыгышынын алдын алган. Персонал көрсөтмөлөргө ылайык иш алып барган», - деп белгиледи ал.

Ж.Ачикеевдин болжолу боюнча, штаттан тышкаркы абалдын келип чыгышына «Түндүкэлектр» бөлүштүрүү компаниясына тийиштүү 110 кВ кабелдик мамычадагы бузулуу себеп болгон.

Өз кезегинде «Түндүкэлектр» ААК башкы директорунун биринчи орун басары Темиркул Дайыров маалымдагандай, 110 кВ кабелдик мамычанын аталган бузулууга эч тиешеси болгон эмес. Текшерүү жыйынтыгы көрсөткөндөй, кабелдик линия техникалык нормаларга жооп берет.

Кеңешменин жүрүшүндө ЖЭБ кызматкерлери Кара-Кечеден алынып келинген көмүрдүн сапатынын төмөндүгүнө арызданышты. Кара-Кеченин көмүрүнүн сапаты талаптарга жооп бербегендиктен, газдын чыгымынын жогорулашына алып келүүдө, деп билдирди Бишкек ЖЭБ директору Андрей Воропаев.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча «Электр станциялары» ААК жана Бишкек ЖЭБ жетекчилери жылытуу мезгилинде эч кандай көйгөйлөр жаралбай тургандыгына ишендирип кетишти.

«Бишкек ЖЭБи борборубуздун тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук жана электр жарыгы менен туруктуу камсыздап туруусу кажет. Ар бир жетекчи ал үчүн жеке жоопкерчилик алат. ЖЭБде эмне болуп жаткандыгын коомчулук билиши керек», - деп белгиледи Равшан Сабиров.

Вице-премьер-министр Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрүнөн турган комиссияга үч күндүк мөөнөттө 29-октябрдагы окуяга күнөөкөр жактарды аныктоо тапшырмасын берди.

«Чагымчылдык жана ишти тымызын үзгүлтүккө учуратуу фактысы аныкталган учурда катуу чаралар көрүлөт», - деп жыйынтыктады Равшан Сабиров.

Пикир

Оставить комментарий