• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Сабиз жана кант кызылчасын өстүрүү менен чоң киреше алган дыйкандар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сабиз жана кант кызылчасын өстүрүү мемнен чоң киреше алган дыйкандарды аныктады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Чүй облусунун тургуну Сулейман Магуев сабиз өстүрүп мол түшүм алып келет.

Ал эми Жумабек Наматбеков кант кызылчасын өстүрүп, 1 гектардан 800 центнерден ашуун түшүм жыйнаган.

Эске салсак, 28-29-30-31-январда саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта олуттуу ийгиликтерге жетишкен адистер жана фермерлер кызыл килемден өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, малина, өрүк өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизип, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун сырларын айтып беришет.

Иш чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн министрликтин бөлүм башчысына кайрылса болот.

Телефону: 0770 850 015 Турат Идрисов.

Пикир

Оставить комментарий