Садыр Жапаров азербайжандык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Азербайжандын Баку шаарында расмий сапарынын алкагында азербайжандык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо кендерин иштетүү, камсыздандыруу тармагындагы SOFAZ, SOCAR, AZERGOLD, AZVIRT, LU-MUN HOLDIN, NEQSOL HOLDING, AZERSUN HOLDING, PASHA HOLDING сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери катышты.

Жыйындын ачылышынан кийин катышуучуларга Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу видеотасма тартууланды.

Андан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, негизинен потенциалдуу инвесторлорду ата мекендик экономиканын түрдүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров да сөз сүйлөп, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин соода-экономикалык жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүүгө жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Биз боордош өлкөлөргө инвестиция тартууну колдойбуз, Кыргызстанга инвестиция тартуу биздин ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты болоруна ишениңиздер”, - деди Микаил Жаббаров.

Жолугушуу “суроо-жооп” форматында уланып, президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери азербайжандык ишкерлердин суроолоруна кеңири жооп беришти.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Азербайжандын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий