• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балдар укугу боюнча өкүл жана ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматташтыкты талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. КРнын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бүгүн, 20-апрелде Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Тараптар мындан аркы биргелешкен кызматташуу маселелерин, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо боюнча жаңы иш пландарын, тактап айтканда, мамлекеттик органдардын, калктын республикадагы балдар жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгууну талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө баланын укуктары бузулган учурда арыздарды кароо механизмдерин түзүү, балдар менен иштөө боюнча социалдык кызматкерлерди окутуу, балдарды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана 2023-жылдан 2027-жылга чейинки мезгилге Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын отчетун даярдоо боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары, Асел Чынбаева менен Кристин Жольм Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий