• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облустук сотунун төрагасы жумушка мас абалда келет. Президент ага чара көрүүнү өтүндү

Президент 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселеси боюнча кеңештин жыйынында КР президенти Садыр Жапаров иш-чаранын бардык катышуучуларынын көңүлүн орто жаштагы эркек кишинин мас абалында жумуш бөлмөсүнүн эшигин ачууга аракет кылган видеотасмага бурду.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова видеотасмага түшүп калган адам Чүй облустук сотунун төрагасына окшош экенин белгиледи.

Президент Жогорку соттун төрайымынын божомолун ырастап, маалыматка караганда ал күн сайын жумушка ушундай мас абалда келерин белгиледи.

“Көрсө ал күн сайын ичет экен. Мындай соттор менен кантип реформа жасайбыз. Бул катардагы сот эмес, облустук соттун башчысы. Биз алтын тамгалар менен мыйзам жазсак да, мындай соттор менен сот тутумуна реформа жасай албайбыз. Мен ага карата чара көрүүңүздү суранам”,-деди Жапаров Жогорку соттун төрайымына карай.

Пикир

Оставить комментарий