Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түздү

Президент 0

Бишкек, 02.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Аалагозов билдирди.

Анын айтымына караганда, комиссиянын жыйынтыгы менен министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот.

"Белгилүү болгондой, буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт" деген. Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар "бутуна туруп кетсин" деген саясат болчу.

Азыр эми "Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген" соодагерлердин соодасы 50дон 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат", - деп жазды Алагозов.

Президенттин маалымат катчысы текшерүүнүн жыйынтыгы комиссиянын чечиминен кийин жарыялана тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий