• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстан менен Кытай инженерлерди даярдоо боюнча кызматташтыкты бекемдейт

Билим 0

Бишкек, 02.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чжэцзян суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин жана “Чжэцзян биринчи гидроэнергетикалык курулуш тобу” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо кызматташуу маселелерин, анын ичинде “Лу Бань устаканасы” долбоорун Ош мамлекеттик университетинде жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ишке ашыруу, студенттер менен окутуучуларды алмашуу, лабораторияларды жабдууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий