• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Садыр Жапаров Беларустун элчиси Сергей Молуновду кабыл алды

Президент 0

Бишкек,10.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Молуновду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Сергей Молуновду кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал президенттин администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордодо” Ишеним грамоталарын расмий тапшыруу сыймыгына ээ болгон биринчи элчи экенин айтты.

Садыр Жапаров жалпысынан акыркы мезгилде Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелер кыйла активдешкенин, чындап эле жакшы өнөктөштүк жана достук мамилелер түзүлгөнүн баса белгиледи.

“Биз дээрлик бардык тармактарда кызматташуудабыз. Бардык деңгээлдерде саясий өз ара аракеттенүү ырааттуу ишке ашырылууда, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүүдө, туруктуу негизде маданий-гуманитардык байланыштар кеңейүүдө”, - деди президент.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн практикалык жагына өтүү менен Мамлекет башчысы Кыргызстандын саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири өнөр жай секторун өнүктүрүү экенин белгиледи. Бул жагынан алып караганда Беларустун бай тажрыйбасы бар өнөр жай долбоорлорунун биргелешкен кооперациясы үчүн зор потенциал көрүнүп турат.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Сергей Молунов Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-белорус кызматташтыгын кеңейтүү үчүн өзүнүн кесиптик жана адамдык сапаттарынын максимумун жумшай тургандыгын ишендирип өттү.

Ал Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүшүн “мыкты” деп баалай турганын айта кетти.

Элчи ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосунда активдүү өнүгүп жаткан соода-экономикалык мамилелерди белгилеп, белорус тарап Кыргызстан менен тоо-кен өнөр жайы, энергетика жана транзиттик тармак сыяктуу маселелер боюнча ар тараптуу билим жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн аягында президент Садыр Жапаров Беларустун Элчиси Сергей Молуновго дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий