• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна иш сапары менен барат

Президент 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы чакан гидроэлектр станциясынын курулушуна капсула салат жана «Манас Ордо» улуттук комплексинде өтө турган театрлаштырылган маданий спектаклге катышат.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» аталышындагы театрлаштырылган маданий иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Башталышы 29-августта саат 20:20да.

Пикир

Оставить комментарий