• 87
  • 91.29
  • 0.84

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 19.09.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.

Жалпы дебаттардын алдында мамлекет башчысын БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды, аны менен президент Садыр Жапаров өзүнчө эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземинде саламдашуу баяндамасын жасады.

Иш-чарага дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 03:00-04:00 чамасында күтүлүүдө.

Түз берүү УТРКнын эфиринде жана соцтармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий