• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапаров: “Камбар-Ата-1” ГЭСи үч өлкөнүн катышуусунда курулат

Президент 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. “Камбар-Ата-1” ГЭСи үч өлкөнүн катышуусунда курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчы ГЭСти Кыргызстан өзү курганга деле күчү жетээрин, бирок көп убакытты жана каражатты талап кыларын айтты.

"Ошондуктан быйыл платина курулчу жерге чейинки жолду өз күчүбүз менен куруу иштерин жакында баштайбыз. Ал эми ГЭСти куруу иштерине коңшу Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдиришти. Азыр үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бир-эки жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Эгер дагы башка инвесторлор “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга катышабыз десе, тараптар менен макулдашып, кошуп алууга даярбыз”, - дейт Жапаров.

Мамлекет башчы белгилегендей, ГЭС Кыргызстанга электр энергиясын колдонууга гана керек, суусун колдонуу Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөөк керек.

Пикир

Оставить комментарий