Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раисинин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Иран Лидери Аятолла Сейед Али Хоссейни Хаменеиге президент Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Иран Ислам Республикасынын президенти Улуу Даражалуу Сейед Эбрахим Раисинин трагедиялуу жагдайда тик учак кырсыгынын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Улуу даражалуу Сизге жана Иран Ислам Республикасынын боордош элине, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Маркум президент Эбрахим Раиси Иран Ислам Республикасынын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын өсүп-өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.

Эбрахим Раисинин даанышмандыгы, камкордугу жана кайрымдуулугу, анын жалпы Иран элине жасап кеткен бардык асыл эмгеги ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.

Биз боордош Иран элинин ушул оор күндөрдөгү аза кайгысын тең бөлүшүүгө ар дайым даярбыз”, - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий