Бишкек, 08.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, расмий делегациянын курамында төмөнкүлөр бар:
- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев.
Пикир
Оставить комментарий