• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Пекин шаарына келди

Президент 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын учагы Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий