• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Садыр Жапаров Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Италияга болгон расмий сапарынын алкагында Италия Министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында Киджи Сарайында расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони ардак кароолдун катарын өтүп, чогуу сүрөткө түшүштү.

Андан соң сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, туризм жана башка негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.

Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони президент Садыр Жапаров менен учурашып жатып, бул сапар кыргыз-италиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Ал Италиянын Кыргызстан менен байланышты бекемдөөгө даярдыгын ырастады.

Президент Садыр Жапаров Джорджа Мелониге Италия жеринде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Менин расмий сапарымдын негизги максаты – Кыргызстан Италиянын ишенимдүү өнөктөшү экендигин тастыктоо. Биз Италия менен достук мамилелерди жогору баалайбыз жана аларды мындан ары чыңдоого умтулабыз”, - деп Кыргызстандын президенти белгилеп, өзүнүн жеке чечкиндүүлүгүн жана өз командасынын эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүн ишендирип өттү.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытында жигердүү иштеп жатканын, өлкөнүн жашоо-турмушунун дээрлик бардык негизги багыттарында реформалар жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ал бүгүнкү күндө башкы милдеттердин бири - эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу экенин кошумчалады. Бул жагынан Италия Кыргызстан үчүн келечектүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.

Сүйлөшүүнүн аягында президент Садыр Жапаров Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелонини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий