Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Кеңешмеде өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, анын ичинде мамлекеттин чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.
Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамаларын угуп, күжүрмөн жана кызматтык даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле алардын ишин координациялоонун натыйжалуулугун чыңдоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.
Пикир
Оставить комментарий