• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Самаркандда 83 млн долларга курулган жаңы терминал кийинки айда ишке берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, 10-февралда Шавкат Мирзиёев Самарканд шаарына барып, эл аралык аэропорттун реконструкциясы менен таанышты.

Расмий маалыматка караганда, шаардын аба майданы 83 миллион долларга жаңыланууда. Былтыр учуу-конуу тилкеси кайрадан салынган. Жаңы терминал курулуп, ушул тапта ичи жасалгаланууда. Жол инфраструктурасы, автоунаа токтотмо жайы жана жарыктандыруу системалары салынууда.

Терминалдын имараты окумуштуу Мирзо Улугбектин негизги эмгеги эсептелген "Зижи жадиди Курагонийди" (Курагонинин жаңы астрономиялык жадыбалы) даңазалап, ачылган китеп түрүндө салынган. Анын узундугу ​– 175, бийиктиги – 25 метр. Терминал саатына 800 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкташтырылган.

Аэропорт "ачык асман" режиминде иштейт. Треминал кийинки айда ишке берилет.

Пикир

Оставить комментарий