Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.
Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин 54-жыйыны өтүп жатат.
Жыйындын катышуучулары менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы КМШ мындан 30 жыл мурда олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр учурунда түзүлгөнүн белгиледи.
"Шериктештик бизди жалпы баалуулуктардын негизинде бириктирип жатканы жана Уюмдун өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алган, баарынан мурда достук жана коңшулаш мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо үчүн өзүн негизги инструмент катары көрсөткөнү кубандырат. Өткөн жылы Кыргыз Республикасы КМШ органдарында төрагалык кылды, анын ийгиликтүү өтүшү Шериктештиктин бардык уставдык органдарынын жыйындарынын жүрүшүндө белгиленди", - деп, Садыр Жапаров төрагалыктын алкагындагы иште негизги басым региондогу ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.
Президент КМШга мүчө-мамлекеттердин интеграциясын бекемдөөгө жана көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнү жогорулатууга Кыргызстандын умтулуусун ырастап, Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңеши түзүлгөндөн бери өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо боюнча баа жеткис иштерди аткарып, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында жемиштүү көп тараптуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү куруу боюнча практикалык кадамдар жасалып жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров коопсуздук тармагындагы терроризм жана экстремизмдин эң курч көйгөйүн айтты. Ал Кыргызстан өзүнүн масштабы, күтүүсүз жана кесепеттери боюнча кооптуу коомдук-саясий жана моралдык көйгөйлөрдүн бирине айланган терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө чечкиндүү түрдө айыптай турганын баса белгиледи.
“Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү терроризм коркунучу менен жалгыз күрөшө албайт. Акыркы убакта жаңы террористтик тобокелдиктер жана коркунучтар пайда болгонун, эң чоң коркунуч кибер кылмыштуулук жана кибертерроризм экенин белгилей кетүү керек. Бул контекстте менин кесиптештерим менен биргеликте 2022-жылдын октябрында Астанада өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлган 2023-2025-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө кызматташуу программасы маанилүү ролду ойнойт, ал абдан керектүү жана актуалдуу болуп саналат. Мындан тышкары, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программасы кабыл алынган”, - деп мамлекет башчысы баса белгиледи.
Өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын өкүлдөрүнө кайрылып, Садыр Жапаров атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши бүгүнкү күндө барган сайын кеңири кулач жайып бараткан экстремисттик-террордук коркунучка каршы күрөштө маанилүү түзүмдөрдүн бири экенин баса белгиледи. Дүйнөдө өсүп жаткан белгисиздик, башаламандык жана чыр-чатактар менен мүнөздөлгөн өзгөрүүлөр, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Москванын жанындагы “Крокус Сити Холлдо” көп сандаган курмандыктар менен коштолгон акыркы трагедиялуу окуялар, атайын кызматтардын ролун, алардын ишин жакшыртуу жана мамлекеттерибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү.
Мамлекет башчысы мындай шарттарда кеңештин чечимдери КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуунун ачкычы экенин баса белгиледи.
Аягында президент Садыр Жапаров Кеңештин 54-отурумунун жыйынтыгы биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана тереңдетүү үчүн зарыл шарттарды түзөөрүнө ишеним билдирди.
Жыйынга төрагалык кылган Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү иш-чаранын негизги темасы - КМШ өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн башка аймактарынын туруктуулугуна жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган - эл аралык терроризмге каршы туруу экенин белгиледи.
Ал ошондой эле негизги көңүл КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунучтарды баалоодо бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга жана аларды зыянсыздандыруу боюнча атайын кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга бурулаары болжолдонуп жатканын баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий