• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Садыр Жапаров Кытай элчиси Ду Дэвэнди дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-декабрда, Кытайдын Кыргызстандагы эчиси Ду Дэвэнди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров элчиге кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары жетишилген өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгилеп өттү.

Мамлекет башчысы Ду Дэвэндин миссиясынын мезгилинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкканын баса белгиледи. Жогорку деңгээлдерде бир катар маанилүү сапарлар болуп өттү.

Президент алдыдагы “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун ишке киргизүү, “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун жана “Кыргыз-кытай достук көпүрөсүнүн” курулушу, ошондой эле “Джунда” нефтини кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо сыяктуу биргелешкен инфраструктуралык долбоорлордун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы мезгилде өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү кыйла өскөнүн айтып, ошондой эле Кыргызстанда бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берген гранттык жардам үчүн Кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Президент Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык мындан ары да динамикалуу өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы достук байланыштар дагы да бекемделээрине ишеним билдирди.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун стратегиялык жетекчилиги астында кыргыз-кытай кызматташтыгы тарыхый жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи.

Элчи эки өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ортосунда бекем жеке байланыштар жана достук мамилелер калыптанганын, бул эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн маанилүү экенин айтып өттү. Мамлекет башчылары маанилүү демилгелерди ишке ашырууну камсыз кылуу менен Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын көрсөтүүдө.

Ду Дэвэнь акыркы бир нече жыл ичинде ондогон жылдар бою кечеңдеп, жылдырылып келген бир катар ири долбоорлорду баштоого жетишкенин баса белгиледи. Мисалы, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу стратегиялык долбоору жана “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу эки өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн да чоң мааниге ээ.

Ду Дэвэнь өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшү позитивдүү динамиканы көрсөтүп жатканын белгиледи. 2019-жылы анын көлөмү доллар менен 6 миллиардга жакынды түзсө, быйыл 20 миллиард доллардан ашат деп болжолдонууда. Кытай Кыргызстандын эң ири соода жана инвестициялык өнөктөшү бойдон калууда.

“Түндүк - Түштүк” альтернативдик жолунун курулуп бүтүшү экономикалык жана инфраструктуралык өз ара аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Маданий-гуманитардык тармакта да кызматташуу жакшырууда: эки өлкөнүн жашоочулары өз ара кызыгуу көрсөтүп, Кыргызстанга келген кытайлык студенттердин, ошондой эле Кытайга барууну каалаган кыргызстандыктардын саны көбөйүүдө. Мунун баары эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн бекемделишине өбөлгө түзөт, бул алардын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет.

Элчи бул ийгиликтерге жетүүдө негизги ролду ойногон Кыргызстандын лидеринин жеке колдоосун өзгөчө белгилеп, кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, президент Садыр Жапаров Ду Дэвэнге жемиштүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирип, ал Кыргызстанда белгилүү жана кадыр-барктуу инсан болуп калганын баса белгиледи. Мамлекет башчысы ага чың ден соолук, бакыт-таалай жана мындан аркы кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий