• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий