• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө тоо текелерди өлтүргөн браконьерлер камерага түшүп калган — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери “Илбирс” фонду коомдук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Суу районунун Сырт аймагында рейд уюштурду.

Министрликтен билдиришкендей, анын жүрүшүндө 24-июлда Эңилчек капчыгайынын Ат-Жайлоо коктусунда мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы камерага тартылып алынган.

Сүрөттө аңчылык мылтыктары менен белгисиз адамдар тоого чыгып баратканын, андан соң түшүп баратканда мыйзамсыз аңчылык жолу менен атылган төрт тоо теке байкалган.

Топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий