Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.
Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Азербайжан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.
Андан соң Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.
Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын тар курамдагы отурумуна катышуу үчүн залга өтүштү.
Пикир
Оставить комментарий