• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков коррупция тууралуу: Жакында көп фактылардын бети ачылат

Президент 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Өлкөдөгү коррупция биз ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды. Жакында дагы көп фактылардын бети ачылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан "Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог" конференциясында билдирди.

Анын айтымында, коррупция менен системалык күрөштү бийликтин бардык тепкичтеринде улантылат.

"Коомду коррупциядан тазалабай туруп, өлкөнү экономикалык саздан чыгара албайбыз. Коррупцияга каршы күрөш эл колдогондо гана ийгиликке жетет", – деди президент.

"Ошондуктан, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди", - деп кошумчалады Жээнбеков.

Президент коррупция менен күрөш уланарын билдирип, бирок ага жалпы коомдун колдоосу керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий