Садыр Жапаров мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. II бөлүк

Президент 0


Бишкек, 12.09.23./Кабар/. Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында күндүн экинчи жарымында президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи уланды.

Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, курулуш жана башка тармактардын өкүлдөрү татыктуу болушту.

“Бүгүн ушул залга күжүрмөн, эмгекчил муундун көрүнүктүү өкүлдөрү жыйналып, ар түрдүү муундагы адамдар, ар тармактын мыктылары олтурасыздар. Сиздер – өлкөбүздүн күч-кубаты, дарамети, байлыгы, ишеними жана сыймыгы, десем аша чапкандык болбос”, - деди президент Садыр Жапаров, сыйлык ээлерине кайрылып жатып.

Пикир

Оставить комментарий